Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуНоокат району 04.01.2019 15:20 Жаңыланды: 04.01.2019 18:52

М.Сыдыков казак президентинин күлүгүнө окшош 10 000 долларлык аттарды таптап жатат (видео, сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Бел-Өрүк айылынын тургуну Мелисбек Сыдыков 2 күлүгүн көк бөрүгө даярдаган.

Өзүнүн айтымында, бул күлүктөр Нурсултан Назарбаевдин атына окшош болгондуктан аларга казактар кызыгып келишет.

«Мен жаштайымдан саяпкерликке кызыгып, ат багуу менен алектенип келем. Азыркы учурда көк жана өзгөчө көрктүү тору ат багып, аламан, улак тартышка даярдап жатам. Бул аттар, оюндарга даяр. Бирок улак тартышка чыга элек. Атты туура багып, таптоо да өзгөчө кыйынчылыкты жаратат. Айрыкча аяр мамиле менен кароону талап кылат. Атты күн сайын бастырып туруу зарыл. Анын тез чуркашы көлөмүнө жана күлүктүгүнө жараша болот. Бул аттар өтө тез чуркагандыктан улам баасы өсүүдө.

Казакстандан келип кызыгып, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин атына окшош экендигин айтышууда. Бул ахалтекин түрүндөгү аттар Польшадан алып келген. Учурда баасы 10 миң доллардан жогору бааланууда», - деди Мелисбек Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×