Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусуАраван району 05.01.2019 15:27 На русском

Видео — «Уулума диний билимди мен бергем», - Швецияда терактка шектелип жаткан Атабек Абдуллаевдин апасы

Turmush -  2018-жылдын 27-декабрында Швециянын прокуратурасы терактка шектелген үч адам кармалганын билдирген маалымат тараткан. Алардын арасында адамдарды өлтүрүү максатында ири өлчөмдөгү химиялык жана башка заттарды сактап жүргөн деген жүйөө менен терактка шектелип кармалган Кыргызстандын 39 жаштагы жараны Атабек Абдуллаев да бар. Ал Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Найман айылынын тургуну. Буга чейин Орусия мамлекетинде иштеп жүрүп, 2017-жылы Швецияга иштегени барган. Turmush басылмасынын кабарчылары Атабек Абдуллаевдин буга чейинки иш-аракеттерин, жүрүм-турумун коңшуларынан, айыл имамынан, ата-энесинен сурап келишти.

Апасы Азиза Абдуллаева Швецияда эч кандай тааныштары же туугандары жок экенин айтты.

«Балам Атабектин Швецияга кеткенине 1 жыл эми болгон. Орусияда кара тизмеге кирип калып, акча каражатынан кыйналгандыктан иштеп келүү максатында эле кеткен болчу. Мен атайын медреседе жаш кыздар менен окуп, диплом алып, диний илимди балама мен бергенмин. Ташкенттен тарых факультетин бүтүрүп, Кыргызстанда тракторчу болуп да иштедим. Атабек беш кыздын арасындагы жалгыз уул. Мектепти жалаң жакшы бааларга бүтүрүп, жогорку окуу жайда экинчи курста окуп жатып, окуусунун келишимдик акысын төлөй албай таштап койгон», - деди ал.

Атабек Абуллаевдин апасы баласы күнүмдүк жүргөн жерин видео аркылуу көрсөтүп жүргөнүн, эч кандай динге аша чаап басым жасабаганына токтолду.

«Азыр балам жөн гана шектелүүдө. Жактоочусу “балаңыз менен байланышканда жөн гана ден соолугун, ал-абалын гана сураңыз” деп байланыштырды. Балам өтө ишенчээк, анан тамашакөй эле. Жүргөн жеринде сүрөткө түшүп социалдык тармактарга жүктөй берген экен. Эми өзүнө каршы иштетип жатышат. Балдары сөөмөйү менен асманды көргөзгөн сүрөттөр да бар дешиптир. Андай сүрөттөр баарында бар. Айыл имамына бир ирет “Табаарак” сүрөсүн туура окуңуз деп коюптур. Чынында балам диний билимге ээ. Бирок, айылдаштарына чакырык таштап же мечиттегилерге кошулбай койгон эмес. Мүмкүн, муну сактап жүр же бир жерге алып барып бер десе жеткирип койгондур. Азырынча сотун гана күтүп жатабыз», - дейт Абдуллаева.
Ал эми Атабек Абдуллаевдин кошунасы Убайдулла Өмүрбаев мечитке чогуу барып жүргөндөрүн, эч кандай динге чакыруу болбогонун айтат. Башка айылдаштары Атабектин тамашакөй, спортко жакын экендигин, тамеки тартып жаткандарды көрүп калса, колунан ыргытып салышарын билдиришти.

Найман айылынын 4 жылдан берки имамы Жеңиш Маманов туура эмес агымдарга кирип кеткендерди байкоо кыйын экенин, жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү аркылуу гана байкоого болорун айтты.

«Атабек айылда аз жүргөндүктөн анын динге чакырык таштаганын бир да укпадым. Кээ бир учурда бири-бирибиз менен диндеги маселелерде талашып калганбыз, бирок андан шек саноо туура эмес. Биз милиция кызматкерлер менен чогуу иш алып барып турабыз. Алардын каттоосунда тургандар менен көбүрөөк иштешебиз. Үйдө өткөрүлгөн таалимдерге тыюу салынды», - дейт Жеңиш Маманов.

Айыл башчы Сабыр Жунусалиев да буга чейинки жүрүм-турумунан кабары жок экенин, терактка шектелгенин эми укканын билдирди. Ош облустук ички иштер башкармылыгын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдиргендей, Атабек Абдуллаев диний экстеремисттик уюмдун мүчөсү катары катталган эмес. Учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыктан, толук маалымат бере албай турганын айтты. Буга чейин Араван районунан экстремисттик уюмдун мүчөсү катары 31 жаран шектүү катары каттоого алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×