Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуАлай району 05.01.2019 15:36 На русском

Алайдагы көк бөрүдө 20 жаштагы классташтар унаа утушту (видео)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылындагы көк бөрү оюнунда байгеге коюлган унаалардын 1985-жылкы жана 1998-жылкы улакчылар утушту. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, көк бөрү оюнуна жалпы 26 команда катышкан. Жыйынтыгында чоңдор арасында өткөн улактан 1985-жылкы балдар 1-орунду, жаштар арасында 1-орунду 1998-жылкы балдар алып унааларга ээ болушту. Чоңдор арасында 2-орунду 1986-жылкы, жаштар арасында 1993-жылкы улакчылар алып, тайлар берилди. Чоңдор арасында 3-орунду 1978-жылкылар, жаштар арасында 1999-жылкы улакчылар алышты. Мындан сырткары ар бир жигердүү командаларга тиричилик техникалары тапшырылды.

Эң күлүк ат деп Ахиллес аттуу аргымак аныкталып, ээсине белек берилди.

Аталган мелдешти 1983-жылкы классташтар уюштурушкан. Байгеге 3 унаа, 3 жылкы, 5 кой жана тиричилик техникалары коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×