Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Суу району 05.01.2019 21:18 На русском

Кара-Сууда Папан айыл өкмөтүнүн башчысы менен жооптуу катчысына сот чечими чыкты. Бирине 100 000 сом айып пул тагылды

Turmush -  Кара-Суу райондук соту 25-декабрда Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жооптуу катчысынын иши боюнча чечимин чыгарды.

Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгынан убактылуу четтетилген Эрмат Исмаилов, 1981-жылы Кара-Суу районунда туулган. Билими жогорку. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Кара-Суу райондук сотунун 2014-жылдын 28-апрелдеги өкүмү менен Кыргыз Респубкасынын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 1-бөлүмү (шалаакылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, анын негизинде 100 000 сом айыпка кириптер болгон. “Мунапыс берүү” мыйзамынын 1-беренесинин 7-пунктунун негизинде жазадан бошотулган.

Каралган иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-2-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу) жана 315-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык жасалмалуулук) менен айып тагылып, бөгөт коюу чарасы жашаган жеринен эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрү тандалган.

Радахан Самиева, 1959-жылы Ноокат районунда туулган. Билими жогорку. Үй-бүлөлүү. Соттун чечиминде төмөнкүлөр айтылат:

1) Кара-Суу райондук сотунун 2008-жылдын 11-августтагы токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү боюнча айыпталган кылмыш иши ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 10-пунктунун негизинде кыскартылган.

2) Кара-Суу райондук сотунун 2012-жылдын 17-январдагы токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-бөлүмү боюнча айыптылган кылмыш иши ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пунктунун негизинде кыскартылган.

3) Кара-Суу райондук сотунун 2012-жылдын 6-сентябрындагы өкүмүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-бөлүмү жана 59-беренесинин негизинде 150 000 сом айып төлөмгө кириптер болуп, 2011-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын “Мунапыс берүү” мыйзамынын 1-беренесинин 4-пунктунун негизинде жазадан бошотулган.

4) Кара-Суу райондук сотунун 2013-жылдын 12-январдагы токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-бөлүмү боюнча айыпталган кылмыш иши ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пунктунун негизинде кыскартылган.

5) Кара-Суу райондук сотунун 2014-жылдын 28-апрелдеги өкүмүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын КЖКнын 316-беренесинин 1-бөлүмү менен 100 000 сом айып төлөмгө кириптер кылынган. 2014-жылдын 27-январдагы “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына карата кабыл алынган “ Мунапыс жөнүндөгү мыйзамынын 1-беренесинин 7-пунктунун негизинде жазадан бошотулган.

Каралган иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-2-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу) жана 315-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык жасалмалуулук) менен айып тагуу каралган.

Кара-Суу райондук соту материалдарды карап чыгып, 25-декабрда Радахан Самиеваны Кылмыш-жаза кодексинин 305-2-беренесинин 1-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнө барабар 100 000 сом айып төлөмгө кириптер кылды.

Эрмат Исмаилов КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 1-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, КЖКнын 67-беренесинин негизинде жазык-жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза белгиленген жок.

Эрмат Исмаилов КРдин КЖКнын 315-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышты жасоого катышуусу далилденбегендигине байланыштуу акталды.

Тараптар райондук соттун чечими боюнча 10 күндүн ичинде Ош облустук сотко кайрыла алышат.

Жактоочу Айсалкын Карабаева Папан айыл өкмөтүнүн эли облустук сотко апелляция беришерин айтты. Ошондой эле ал айылдактар райондук соттун чечимине нааразы болуп, президентке видео кайрылуу жөнөткөнүн кошумчалады.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым тургундары айыл өкмөт башчысы жана жер адиси жерди өздөрүнүн туугандарына жана капчыктууларга гана берип жаткандарын айтып келишкен болчу.


Кийинчерээк бул иштер боюнча Папан айыл өкмөтүнүн башчысына Ош облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, ал кызматынан убактылуу четтетилген

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.47% (357)
«РСК Банк»
34.81% (323)
«Капитал Банк»
9.48% (88)
...
Всего голосов: 928
×