Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусу, Ош 06.01.2019 10:31 На русском

Ошто жаңы жыл күнү жүргүнчү аялдын чөнтөгүн аңтарып, 18 000 сомун уурдап кетишкен

Turmush -  Ош шаарында жаңы жыл күнү кичи автобустун бириндеги жүргүнчүнүн чөнтөгүн аңтарып, капчыгындагы 18 000 сомду уурдоого шектелген адам кармалды. Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 1-январында саат 17:00 чамасында Ош шаарынын тургуну К.Г. Курманжан датка менен Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ашкананын алдындагы аялдамадан №127 каттамдагы кичи автобуска түшкөн. Бул учурда 1985-жылы туулган И.О. анын кышкы кийиминин оң чөнтөгүндөгү сары түстөгү капчыгынан жалпы 18 000 сом акчасын уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жарбылануучу К.Г. бул окуя боюнча дароо милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.

Аталган факт Ош ШИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүмү менен (уурдоо) кылмыш иши козголгон. Шектүү катарында И.О кармалып, анын жанынан жабырлануучуга таандык 18 000 сом акча каржаты толугу менен алынган. Ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин талабына ылайык Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө учурунда Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 35-беренесинин 1-бөлүмүнүн 19-пунктунун негизинде анын баш коргоо чарасын тандоо үчүн Ош шаарынын прокуратурасына өтүнүч жасалып, Ош шаардык сотунун тергөө студиясы тарабынан И.О.го 2019-жылдын 1-февралына чейин үй камак түрү тандалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×