Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусуНоокат району 07.01.2019 10:40 Жаңыланды: 08.01.2019 08:39 На русском

Видео: Ноокатта битум ташуучу унаа менен «Тойота Эстима» кагышып, 3 жүргүнчү каза болду (толукталды)

Turmush -  6-январда Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылында болгон унаа кырсыктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, кырсык эртең мененки саат 07:00 чамасында катталып, күйүүчү май ташуучу унаа менен «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынан келе жаткан «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа күйүүчү май ташуучу унаага келип урунган. Анын кесепетинен Бишкек шаарынан келе жаткан жүргүнчүлөр — 3 адам каза болду.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, 6-январь күнү саат 08:16 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун 73-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Өрнөк айылында Кадамжай районунун 1982-жылы туулган тургуну А.З.нын башкаруусундагы «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышка карай бара жатып, каршы багытта келе жаткан Сузак районунун 1986-жылы туулган тургуну Н.С.нын башкаруусундагы битум ташыган «МАН-26-464» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Тойота Эстима» унаасынын жүргүнчүлөрү — 2001-жылы туулган И.у.Т жана 1990-жылы туулган Ш.М. окуя болгон жерде каза болгон. Алар кызыл-кыялыктар болушкан.

Ал эми Бишкек шаарынын Ала-Арча конушунун 1999-жылы туулган тургуну К.П. ооруканада көз жумду. Мындан сырткары 1995-жылы туулган У.У., 1975-жылы туулган Ш.А., 1992-жылы туулган У.Б., 1999-жылы туулган З.Г. жана «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаанын 1982-жылы туулган айдоочусу А.З. денелеринен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.

Аталган окуя боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×