Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуНоокат району 07.01.2019 11:54 На русском

БМВ, топоз, 7 тай, тирүү карышкыр... Ноокатта А.Раев сүннөт той өткөрүп, көк бөрү уюштурду (сүрөт)

Turmush -  Уулдарына сүннөт той өткөрүп, көк бөрү уюштурган Абибилла Раев байгеге тирүү карышкыр койду.

Улак тартыш 6-январда Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүндө өтүп, миңге чукул улакчы, эки миңден ашуун көрүүчү катышты. Абибилла Раевдин айтымында, улакчылар «4 кыздан соң уулду болсоң, көк бөрү уюштурасың» дешкен.

«Улак тартышка Тажикстан, Чоң-Алай, Бишкектен аттары менен улакчылар келишти. Миңдей улакчы жана эки миңдей көрүүчү болду. Уулдарым Жолдубай жана Нургелдиге сүннөт той бердим. Байгеге алтын кур, БМВ жана "Жигули" үлгүсүндөгү унаалар, ат жабдыктары менен жылкы, карышкыр, топоз, 7 тай, 15 кой, акчалай байге коюлду», - деди Абибилла Раев.

Алтын курду, «Жигули» унаасын жана токулган атты көк-белдик улакчылар утуп кетишти. «БВМ» унаасын папандык Бауш Султанбеков, карышкырды да папандык улакчы байгеге алышкан. «Теке» аттуу каймана атты алып жүргөн Жеңиш аттуу улакчы токулган ат менен бирге 50 миң сом утуп алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×