Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуКара-Кулжа району 07.01.2019 12:50

Сүрөт — Кара-Кулжада бир нече жолу оодарылып сайга кулаган унаада жалгыз жаш бала аман калган

Turmush -  Кара-Кулжа районунда жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, эки адам каза болду.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташкандай, кечээ, 6-январь күнү, саат 10:30 чамасында Кара-Кулжа—Кара-Жыгач автоунаа жолунун 30-чакырымында Кара-Кулжа районунун 1959-жылы туулган тургуну Э.С.нын башкаруусундагы «Тойота RAV4» үлгүсүндөгү унаа 20 метр бийиктиктен Кара-Жыгач дарыясына кулап, бир нече жолу оодарылган. Натыйжада аталган автоунаанын 1959-жылы туулган айдоочусу Э.С. жана 1975-жылы туулган жүргүнчү Т.З. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми дагы бир жүргүнчү — 2016-жылы туулган Ш.Ш. Кара-Кулжа райондук аймактык ооруканасына оор абалга жеткирилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай калган.

Учурда бул окуя боюнча Кара-Кулжа РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×