Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуКара-Суу району 07.01.2019 14:26

Сүрөт — Кара-Сууда күйөө баласы кайненесине бир нече жолу бычак сайды

Turmush -  Кара-Суу районунда күйөө баласы кайненесине бир нече жолу бычак сайды. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 3-январда Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу Кара-Суу районунун 1974-жылы туулган тургуну Э.Д. денесинен жаракат алып, Ош облусунун ооруканасына түшкөндүгү туурасында кабар келип түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып текшерген учурда, Э.Д.нын үйүнө күйөө баласы келип, эч себепсиз анын маңдайына, колдоруна жана санына өзү менен ала келген аш бычак менен бир нече ирет сайып, денесине жаракат келтирген. Бул факты боюнча ыкчам-тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жургүзүлүп, Э.Д.нын алган жаратын аныктоо үчүн соттук-медициналык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки жазык иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2019-01-07 at 14.20.51 Шектүү катары 1997-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну Р.И. аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 266-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×