Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусуНоокат району 08.01.2019 09:23 На русском

Ноокатта 3 адам каза болгон унаа кырсык видеого түшүп калган

Turmush -  Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылында жеңил унаа менен чоң унаа кагышып, 3 адам каза болду.

Унаа кырсык болгон учур видеого түшүп калган.

Маалым болгондой, 6-январь күнү саат 08:16 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун 73-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Өрнөк айылында Кадамжай районунун 1982-жылы туулган тургуну А.З.нын башкаруусундагы «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышка карай бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан Сузак районунун 1986-жылы туулган тургуну Н.С.нын башкаруусундагы битум ташыган «МАН-26-464» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Тойота Эстима» унаасынын жүргүнчүлөрү — 2001-жылы туулган И.у.Т. жана 1990-жылы туулган Ш.М. окуя болгон жерде каза болгон. Алар кызыл-кыялыктар болушкан. Ал эми Бишкек шаарынын Ала-Арча конушунун 1999-жылы туулган тургуну К.П. ооруканада каза болгон. Мындан сырткары 1995-жылы туулган У.У., 1975-жылы туулган Ш.А., 1992-жылы туулган У.Б., 1999-жылы туулган З.Г. жана 1982-жылы туулган «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу А.З. денелеринен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.

Аталган окуя боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×