Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуАраван району 08.01.2019 10:32 Жаңыланды: 08.01.2019 13:20

Видео: 10 жылдан бери таза суусуз, телефонсуз жашаган наймандыктар

Turmush -  Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Найман айылынын тургундары айылда телефон байланышы жоктугун, 100дөн ашуун үй-бүлө 10 жылдан бери суусу жок жашап жатканын айтып чыгышты. Алар күн сайын 2 чакырым алыстан таза суу ташып ичишет.

Найман (1)

«Учурда биздин айылда 600 түтүн эл, 4000 адам жашайт. Көп жылдан бери телефон байланышы начар болуп, ушул кезге чейин бул көйгөйлөр чечилбей келет. Байланышуу үчүн үйлөрдүн чатырына же дөңсөлөргө чыгууга туура келет. Кайрылуулардан жыйынтык чыга элек», - деди айылдык кеңештин депутаты Улан Урустамов.

Айыл тургундары интернеттен маалымат алуу үчүн Кызыл-Кыя шаарына барышат.

«Биздин айылдын жаштары 2 жылдан бери интернет жана байланыш станцияларын орнотуу үчүн тиешелүү жерлерге кайрылып, эл үчүн чуркап жүрүшөт. Бирок натыйжа чыкпай жатат. Интернетке байланыштуу ишибиз болсо Кызыл-Кыя шаарына барабыз», - деди жергиликтүү тургундар.

Жергиликтүү жашоочу Жеңишбек Ыманов айылда таза суу көйгөйү да курч экенин, сугат суу 10 жылдан бери жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

«100дөн ашык түтүн эл 10 жылдан бери таза суусуз жашайт. Буга чейин электр жарыгы да жок эле. Ар бир үй-бүлө 5 миң сомдон топтогондон кийин электр мамычасын орнотуп, зым тартып, жаңы трансформатор сатып алдык. Азыр таза сууну 2 км аралыктан ташып ичебиз», - деди Ж.Ыманов.

Найман

Аравандын Төө-Моюн айыл өкмөтүндө 18 айыл, 19 миң жашоочу бар. Андагы эң чоң айыл — Найман айылы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×