Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуЧоң-Алай району 08.01.2019 15:16

Бөрүлүү мезгил: Чоң-Алайдагы мергенчилер 5 карышкырды жок кылышты (сүрөт)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Көк-Жар тилкесинде жергиликтүү мергенчилер тарабынан мал-жандыкка кол салган 5 карышкыр атылды. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун аңчы адиси Алидин Мамажунусов билдирди.

Анын айтымында, карышкырлар кар жок учурда айылды аралап, элдин малына кол салып жүргөн. Акыркы 5 күн аралыгында кар жааганына байланыштуу мергенчилер карышкырларды изи аркылуу таап, атып өлтүрдү.

«Чоң-Алай району тоолуу аймак болгондуктан карышкырлар көп кездешип, тынымсыз элдин малына кол салып турат. Атайын жергиликтүү мергенчилер дайындалып, карышкырларды атып өлтүрүп, санын азайтышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×