Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуКара-Суу району 08.01.2019 17:17 На русском

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүн Гүлайым Машрапова жетектейт

Turmush -  Кара-Суу районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Гүлайым Машрапова дайындалды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Г.Машрапованы аталган кызматка дайындоо тууралуу буйрук 2018-жылдын декабрь айынын аягында чыккан. Ал буга чейин Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

Ал учурда 63 жашта.

- 1977-жылы Ош педагогикалык институтун окуп бүтүргөн;

- 1978-1981-жылдары Токтогул атындагы орто мектепте мугалим;

- 1981-жылдан 1985-жылга чейин ошол эле орто мектептин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары;

- 1985-жылдан 1992-жылга чейин Жоош айылдык кеңешинин төрайымы болуп иштеген;

- 1992-жылдан 1994-жылга чейин Кара-Суу райондук кеңешин башкарган;

- 1995-жылдан 1997-жылга чейин Ош, Баткен облустары боюнча облустук билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары;

- 1997-жылдан 1999-жылга чейин Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;

- 1999-жылдан 2007-жылга чейин Ош облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы;

- 2007-жылдан 2009-жылга чейин ыйгарымдуу өкүлдүн (губернатор) орун басары болуп эмгектенген;

- 2011-жылдан 2013-жылга чейин Ош шаардык билим берүү башкармалыгын жетектеген;

-2018-жылдын 17-декабрынан баштап Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×