Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуКара-Суу району 08.01.2019 16:56

Кара-Суудагы талаада топоз жана жылкыларды карышкыр жеп кетти

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелен айылындагы талаадан карышкырлар 10дой жылкыны жана 30-40тай топозду жеп кетишкен. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Нурмамат Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, азырынча эл эч кандай кадамга бара элек.

«Быйыл айылда кар аз жаады. Бирок карышкырлар элдин малын жеп жатат. Буга чейин элдин 10дой жылкысын, 30-40тай топозун карышкырлар жеп кетишкен. Эгер эл карышкырларды мергенчилерге аттырууну кааласа, айыл өкмөт тарабынан ок-дарылар берилет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×