Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ош облусу, Озгон 09.01.2019 12:24

Сүрөт: Балбан билек, жүрөгүндө оту бар... Ош облусундагы белгилүү улакчылар

Turmush -  Кыргыз життер байыртадан жылкыга жакын болуп, ат жалынында чоңойгон. Алардын арасында ата-бабадан калган жолду улап, көк бөрү, улак тартышка түшүп, атагы алыска кеткендер бар. Бул жолу Turmush басылмасы балбан билек, жүрөгүндө оту бар, кыл чайнашкан беттеште жоон атчандардын тобунан олжону сууруп чыккан Ош облусундагы белгилүү улакчылар менен тааныштырат.

Ноокат районундагы мыкты улакчылардын сап башында 41 жаштагы Жалил Султанов турат. Ал 18 жашынан тарта аламан улакка катышып, чоң байгелерди багындырып, алтын курдун ээси болууга жетишкен.

Бул райондон чыккан алдыңкы улакчылардын катарында Максат Алиев, Жеңиш Сыдыков, Дурусбек Тургунбаев да бар. Алар да алтын курдун ээси болушкан. Ошондой эле Кудайберди, Руслан аттуу жигиттер учурда өлкө аймагындагы аламан улак тартыш оюндарына катышып, байгелүү орундарды алууда.

Кара-Суу районундагы эң мыкты улакчы аталган Бауш Султанбеков 36 жашта. Ал жаш кезинен эле аламан улакка катышып, эсеби жок байгеге ээ болуп, 2 жолу алтын кур тагынган. Аны менен катар 33 жаштагы Медер райондогу алдыңкы улакчылардын бири.

Кара-Кулжа районунан чыккан Ташим Майлибашев күчтүү улакчылардын катарын толуктайт. Учурда көк бөрү боюнча «Достук» курама командасында ойнойт. Көк бөрүчү аламан улак тартыштарга катышып, чоң байгелерди багындырган. Мындан сырткары Жандар, Тапа аттуу балбандар алдына эч кимди чыгарбайт.

Алай районунун Коңур-Дөбө айылынан чыккан Сейдали 37 жашта. Ал жергиликтүү аламан улак тартышта алдына эч кимди салбай, байгелерди багындырып келет. Эркин, Эген аттуу жигиттер да Алай районундагы алдыңкы улакчылар.

Чоң-Алай районунун улакчысы Эмил Камчыбеков 36 жашта. Ал аламан улак тартышта баш байгелерди утуп, аты чыккан.

Өзгөн районунан чыккан бир тууган улакчылар — Баяман, Жаныш, Байыш, Кыяз, Манас Ниязовдор улак тартыш оюндарынын ар кандай түрү боюнча өлкө аймагында лидер. Алар байгелүү орундарды алып, өлкөнүн атын чыгарып келет. Ошондой эле бул аймакта Жоодар аттуу жаш улакчы чыгып келе жатат.

Чоң байге уткан улакчылар жылына 2 млн сомдон ашык каражат табышат.

----------------------------------------------------------------------------

Белгилүү улакчы Ниязовдордун үй-бүлөсүнөн чыккан Манас Ниязов өткөн жылдын 12-декабрында үйлөнгөн. Үйлөнүү тойго чет элдик улакчылар да күбө болушкан болчу.
М.Ниязов улак тартышка эрте аралашкан.

«Менин атам улакчы болгондуктан мен дагы атамдын жолун жолдоп улакчылыкты тандап алдым. Менин улакчы болушума бир тууган агаларым дагы түрткү берди. Биз үй-бүлөдө 5 уул, 2 кызбыз. Агаларым менен барыбыз улак тартышка түшөбүз.

Улактын арты менен бир топ оюндарда алдыңкы орундарды алдык», - деген ал.

Маек толугу менен бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×