Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ош облусу, Ош 09.01.2019 13:35

ОГПИ мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу аракеттерин улантууда

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу аракеттери улантылып жатат. Аймактардагы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, тарбиячылар жана мектептердеги башталгыч класстардын мугалимдери үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу максатында семинарлар уюштурулду.

Окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдиргендей, семинардын журүшүндө тиешелүү адистер тарабынан катышуучулардын кесиптик багыттарына жараша окутуунун, тарбиялоонун түрдүү усулдарын колдонуу ыкмалары жана психологиялык тараптан да билим алышып, жыйынтыгында окуу жайдын квалификациялык сертификатына ээ болушат. Аталган курска Ош шаарындагы жана Баткен облусундагы айрым мектептердин, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин тарбиячылары жана башталгыч класстардын мугалимдери катышууда. Аларга Бишкек шаарындагы И.Арабаев университетинен, Ош мамлекеттик университетинен жана ОГПИден тиешелүү адистиктер боюнча илимий даражалуу профессорлор, билим берүүнүн мыктылары сабак өтүүдө.

Институттун алдында түзүлгөн «Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу» бөлүмү тарабынан мектептерде жана бала бакчаларда кесиптик чеберчиликти жана заманбап сабактардын үлгүлөрүн жаңы технологиялардын жардамы менен көрсөтүүнү жогорулатуу максатында усулдук жардам катары үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп, жер-жерлерде да семинарлар уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×