Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуАлай району 09.01.2019 16:23

Жайлоого мал кайтарууга кеткен: 43 жаштагы Алмаз Бөрүбаев 4 айдан бери дайынсыз (сүрөт)

Turmush -  Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дайынсыз жоголгон Алмаз Бөрүбаевди издеп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу районунун 1975-жылы туулган тургуну Алмаз Бөрүбаев Сары-Таш жайлоосуна мал кайтарууга кетип, кайра кайрылып барган эмес. Ал 2018-жылдын 1-сентябрынан бери дайынсыз.

Кийген кийимдери: кара түстөгү куртка, кара түстөгү спорттук бут кийим, спорттук шым жана кара баш кийим.

Өзгөчө белгилери: бетинин сол тарабында так бар.

Изделип жаткан жарандын жүргөн жерин же ал тууралуу маалымат билгендер 102, 0557 540030, 0773 039212 (Алай РИИБ) телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

жоголгон

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×