Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусу, Ош 10.01.2019 17:10 На русском

Сүрөт, видео: Оштогу кафенин тосмосун бузуу учурунда жаңжал чыкты

Turmush -  Бүгүн, 10-январда Ош шаарынын Кулатов көчөсүндөгү жеке объектилерди, соода түйүндөрүн бузуу иштери башталды. Ал жерге аллея куруу пландалып жатат.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери ишти баштоо үчүн укук коргоо түзүмдөрү менен бирге жерине барган. Бирок «Нирвана» кафесинин ээси каршы чыгып, тротуарда жайгашкан тосмону жана жайкы бастырманы бузууга тоскоолдук жаратты. Аталган башкармалыктын, мэриянын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери соодагерлерге жана коммерциялык түйүндөрдүн ээлерине тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Андан кийин курулушту бузуу иштери улантылды.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматы боюнча, «Нирвана» кафесинин тосмо жана бастырмасына уруксат муниципалдык жерди ижарага алуу келишимине ылайык 2018-жылдын акырында бүткөн. Жеке ишкерлер келишим түзүлүп жатканда талап кылынган учурда жеңил конструкцияларды өздөрү буза турганы боюнча тил кат жазып беришкен. Бирок көңүл ачуучу жайлардын ээлери башкармалыктын кызматкерлери жана укук коргоочулары менен кайым айтышып, каршылык көрсөтүшкөн. Муну менен катар эле жашоочулардын көбү аталган районго аллея курууну колдойт.

Кафенин жетекчилигинин айтымында, мэрия убакыт берсе алар тосмолорду өздөрү бузмак.

«Өзүңөр көргөндөй тосмону бузуп жатышат. Кафенин ээси менин балам. Ал азыр Бишкекте жашайт. Ал "Бишкектен келгенден кийин усталарды алып барып, өзүм буздурам" деген. Түшүндүргөнүбүзгө карабай тосмону бузуп жатышат», - деди Маметурду Маметжанов.

Мэриянын аллея куруу боюнча токтому 8-январь күнү күчүнө кирген. Батыш кичи районундагы Б.Осмонов көчөсүнө аллея куруу планы Ош шаарынын башкы планына киргизилген. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашим Семетеев аталган кафенин алды муниципалдык жер экенин айтты.

Ал эми «Керме-Тоо» аймактык кеңешинин башчысынын милдетин аткаруучу Нурила Камилова аллея курууну 52 миң жаран сурангандыгын билдирди.

«Ак-Тилек, Керме-Тоо аймактык кеңештеринде 52 миң калк жашайт. Алар мурунку мэрдин тушунда эле аллея курууну суранышкан. Алардын суранычын кабыл алып, аллея куруу пландалып жатат», - деди Камилова.

Аллеянын узундугу 850 метр, туурасы 13-20 метр болот. Аллеяны ушул жылдын күз айларында куруп бүтүрүү пландалып жатат.

№22 үйдүн жашоочулары Манзура Жороева жана Айчүрөк Исаеванын айтымында, алар бир нече жолу аллея куруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул аймактагы баш аламан соода түйүндөрүнүн айынан жаңжал чыгып, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратат.

Муну менен катар эле айрым соода күркөлөрүнүн ээлери эскертүү алгандан кийин күркөлөрдү өздөрү алган. Ал эми аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан бардык соодагерлерге жазуу түрүндө эскертүү өз убагында жөнөтүлгөн. Курулуш ээлеринин көбүндө тротуарга дарбаза жана бастырма курууга уруксаты жок.

Буга чейин кечээ, 9-январда Ош шаарындагы Батыш кичи районунун Б.Осмонов көчөсүндөгү соода күркөлөрүн жылдыруу маселеси талкууланган.

Талкууга вице-мэр Жасур Азимов, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, соода күркөлөрүнүн ээлери, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү жана шаардык кеңештин депутаттары катышкан. Жыйында Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошев парк курулчу көчө башкы планга киргизилгенин айткан.

«Аллеянын узундугу 850 метр, туурасы 13-20 метр болот. Ал жерге оргума, отургучтар орнотулат», - деген Жолдошев.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашим Семетеев соода күркөлөрү жайгашкан аймак муниципалдык менчик жер экенин белгилеп, андан жылына 2 млн сом түшөрүн билдирген.

«Аталган жер 2 гектар аймакты камтыйт. 3,5 миң чарчы метр жерди соодагерлер жыл сайын түзүлгөн келишимдин негизинде иштетишчү. Бүгүнкү күндө келишимден бир тараптуу баш тартылды. Ал жайда 85 ижарачы бар», - деген Семетеев.

Ал эми соодагерлер элдин талабы эске алынбай жатканын айтып чыгышты. Алардын пикиринде, Б.Осмонов көчөсүнө аллея курулган убакта деле оор жүк ташуучу унаалар өткөнү үчүн ал жерде эс алууга мүмкүн эмес. Сатуучулар мэриянын өнүгүү үчүн жасап жаткан бул кадамын баалап, бирок аларга башка жактан жумуш ордун түзүп берүү керектигин эскертишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×