Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуАлай району 10.01.2019 17:44

Бүлөлү айыл өкмөтүндө бала бакча жана спорт зал ачылды (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүлөлү айылында спорт зал ачылып, пайдаланууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Заманбап спорт залдын курулушу жергиликтүү бюджет тарабынан каржыланып, 12 млн 125 миң сом сарпталган. Эми бул аймакта жайгашкан Нарматов атындагы орто мектептин окуучулары жана айылдын жаштары үчүн спорт менен машыгууга толук шарт түзүлдү. Буга чейин аталган мектепте дене тарбия сабагы сыртта өтүлүп келген.

Ошондой эле ушул эле айыл өкмөттүн Чоң-Бүлөлү айылында алгачкы жолу заманбап 50 орундуу бала бакча ачылды. Анын курулушуна да жергиликтүү бюджеттин эсебинен 12 млн 291 миң 438 сом сарпталган.

Ачылыш иш-чараларга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Алай районунун акими Замирбек Молдокулов катышып, кызыл тасма кесилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×