Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусу, Ош 10.01.2019 19:20 На русском

Жыйын: К.Исаков боюнча айтылган кептер жалган, - Ош шаардык ветинспекциясынын кызматкерлери (видео)

Turmush -  Өкмөткө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ош шаардык мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жана Оштогу мал союучу жайларда иштегендер аталган түзүмдүн жетекчисинин орун басары Кумар Исаков боюнча айтылган кептерди төгүндөшүп бүгүн, 10-январь күнү АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курушту.

Оштогу мал союучу жайлардын биринин кызматкери Акмат Садыков Кумар Исаков боюнча жергиликтүү телеканалдардын биринен туура эмес маалымат кеткендигин айтты.

«Оштогу жергиликтүү телеканалдын бири Кумар Исаков боюнча туура эмес маалымат чыгарыптыр. Алар мага барып, жашыруун камера менен видеого тартып алышыптыр. Кумар Исаков убагында жакшы, мыкты иштеген жетекчи эле. Ал менен канча жыл иштештик. Ал боюнча туура эмес маалымат айтып койгон болсом кечирим сурайм. Көп жылдардан бери иштешип келебиз, бирок мага бир дагы зыяны тийген эмес», - деди Садыков

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ош шаардык инспекциясынын кызматкери Шаангүл Кумар Тагаева: «Оштогу жергиликтүү каналдардын бири Исаковду "шаардагы 7 мал союучу жайдан жумасына 2 миң сомдон акча алып турат" деп айыптаптыр. Бул маалымат туура эмес. Анткени ал киши менен көп жыл иштештик. Ушул аралыкта ал бизден бир тыйын акча сураган жок. Керек болсо ишти жакшы аткарбасак айып пул салат эле. Айып пулду банктан төлөп күнүбүз өткөн»,- деди.

Шаардагы мал союучу жайлардын биринин ветеринардык дарыгери Назар Ганиев буларга токтолду.

«Ар бир мал союучу жайдан жумасына 2 миң сомдон алып турат деген маалыматты уккандан кийин менин зээним кейип кетти. Биз үй-бүлөнү бакканга зорго акча таап жатсак, анан кантип жумасына Исаковго акча берет элек?», - деди Ганиев.

Ал эми мал союучу жайлардын биринде иштеген Абдуманап Апишов Кумар Исаков боюнча маалыматтар бир тараптуу кетип калган деп эсептейт.

«Жергиликтүү каналда бир тараптуу маалымат кетип калган. Биз ошол маалыматтарды төгүндөгөнү келдик. Ал киши мындай иштерди жасабайт», - деди Апишов.

Буга чейин 19-декабрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөргөн учурда жергиликтүү телеканалдардын биринин директору Алтынбек Жумаев жетекчи Кумар Исаков бардык ветдарыгерлерди жумуштан чыгарып жаткандыгын айтып, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселени көтөргөн.

«Бул адам сиздин өкүл балаңыз деген сөздөр айтылып жатат. Бул маалыматты текшерүү керек. Ал 9 ветдарыгерлерди кызматтан бошотуп, жыйынтыгында мугалимдик кесиби менен келинин Оштун ветдарыгери кылып дайындап койгон. А, жогорку категориядагы ветдарыгерлер четтк калып калды», - деди ал.

Анда президент анын суроолоруна жооп берип жатып: «Ал менин өкүл балам эмес. Көрсө, президенттин көп туугандары пайда болот экен. Туугандык байланышы бар деп айткан сөздөргө ишенбегиле деп айтып жатам... Биз ветдарыгерлерди жумуштан кетирүү боюнча маалыматты текшеребиз. Эгер бул айтылгандар чын болсо, анда ал жоопкерчиликке тартылат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.47% (357)
«РСК Банк»
34.81% (323)
«Капитал Банк»
9.48% (88)
...
Всего голосов: 928
×