Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуНоокат району 11.01.2019 09:14

Зулпуев айыл өкмөтүндөгү негизги жол жарыктандырылган эмес, - жашоочулар

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн негизги жолу жарыктандырылган эмес. Бул жолдон Ош—Ноокат—Баткен каттамындагы унаалар өтөт.

Жашоочулардын жана айдоочулардын айтымында, түнкү чырактар 33 жыл мурун орнотулуп, 4 жыл мурун капиталдык оңдоодон өткөн.

Жергиликтүү тургун Дамирбек Бакиров: «Жол тегиз болсо да билинбейт эле. Дал ушул Зулпуев айылындагы негизги жол тар жана абалы начар. Жүк ташуучу унаалар жолдун ортосу менен жүрүп, жеңил унааларга тоскоолдук жаратышат. Жакында эле аталган жолдо жол кырсыгы катталды. Биздин айылдын чоң жолунда түнкү чырактар жок», - деди.

111

Ал эми Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жунус Рысбаев жолду жарыктандыруу иши февраль айынын башында башталарын билдирди.

«Жолду жарыктандыруу боюнча тендер өтүп, аны "Альфаеда" ЖЧКсы утуп алган. Тендер 1 млн 600 миң сомго бааланган. Акча каражаты бөлүнсө эле 1 айда бүткөрүлөт. Каражат январь айынын аягында бөлүнөт», - деди Рысбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.47% (357)
«РСК Банк»
34.81% (323)
«Капитал Банк»
9.48% (88)
...
Всего голосов: 928
×