Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусу, Ош 11.01.2019 12:04 На русском

«Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчисинин иш бөлмөсү оңдолбой калды. Мэриянын жообу

Turmush -  Бүгүн, 11-январь күнү «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун иш бөлмөсүн оңдоого жарыяланган тендер токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, муниципалдык ишкананын негизги көйгөйлөрүнүн бири техниканын жетишсиздиги болуп саналат.

«Мындан улам биринчи кезекте техникаларга, таштанды таштоочу контейнерлерге көңүл бурулат. Азырынча иш бөлмөнү оңдоого зарылчылык жок», - деди мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Буга чейин мамлекеттик сатып алуу порталында «Ош-Тазалык» ишканасынын башчысы Нурбек Исмаиловдун иш бөлмөсүн оңдоо үчүн 240 миң сомго сынак жарыяланган болчу. Ал эми Нурбек Исмаилов иш бөлмө гана эмес, имараттагы жарактан чыгып калган эшик-терезелер да алмаштырылып, сарпталган каражат бөлүп берүү жолу менен төлөнөрүн билдирген эле.

--------------------------------------------------------------------------------

2018-жылы 26-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өткөн. Жыйындын жүрүшүндө депутат Ашим Осмонов «Ош-Тазалык» ишканасынын жаңы жетекчисине: «35 млн сомдук субсидиядан баш тартпайбыз деп интервью бериптирсиз. Эмне үчүн?», - деп суроо берген.

Аталган ишкананын жетекчиси Нурбек Исмаилов: «Кызматкерлердин эмгек акысы, шыпыруучу, жүк ташуучуларды эске алганда ушундай болууда», - деген.

Сөзгө аралашкан мэр Таалайбек Сарыбашов: «Булар акча алып көнгөн да. Эми калыстык үчүн мисал келтирип айтайын. Шаардагы эң чоң ресторандын бири "Олигарх" айына "Тазалыкка" 7 миң сом төлөйт экен. Анан "Кудайберди" унаа тетиктер базары 20 миң сом төлөйт экен. Болбосо таштандынын баары ошол базардан чыгат, бул калыстыкпы?», - деген.

--------------------------------------------------------------------------------

Нурбек Исмаилов кызматка киришкенден баштап жакшы уктай электигин айтып, ишкананы өнүктүрүү үчүн болгон күчүн жумшарын белгилеген.

«Менин муниципалдык тармакта 4-5 жылдык тажрыйбам бар. Бул ишканага чөнтөккө иштөө үчүн келген жокмун. Ишкананы көтөрүү, шаардын тазалыгын камсыздоо үчүн келдим. Мурунку жетекчи да абдан жакшы иштеп кетиптир. 5 жыл иштегенине байланыштуу чарчап, өз каалоосу менен арыз жазыптыр. Ишканада чындыгында чарчайт экенсиң. Мен ишке кечээ эле келип, 1 суткадан бери уктай элекмин. Көзүңдү жумсаң эле таштандылар тоодой үйүлүп кетет экен. Ошондуктан көздү жумбай иштөө керек. Эми буйруса колумдан келишинче иштеп берүүгө аракет кылам.

Жаңы жылдан баштап коммерциялык ишканалар менен келишим түзүп, ишкананын бюджетин көтөрүүгө аракет кылабыз. Айына абоненттерден 7-8 млн сом чогулат экен. Бир жылда 80 млн сомдой акча чогулат. Ачык айтайын, жумушчулардын эмгек акысына 5 млн сом кетет. Социалдык фонд, салык, күйүүчү майга акча кетип отуруп, өзүн-өзүн актай албай калат экен. Мына азыр субсидиясыз эле ишкананын күйүүчү майга карызы бар. 400дөн ашуун адам иштеген ишканага субсидия албай туруп кантип жеткиребиз? Эми бул маселе боюнча мэриядагы экономисттер, вице-мэрлер менен кеңешип, бир чечимге келебиз», - деген ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.47% (357)
«РСК Банк»
34.81% (323)
«Капитал Банк»
9.48% (88)
...
Всего голосов: 928
×