Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 11.01.2019 15:41 На русском

Өзгөндөгү Зергер дарыясында коргошун 6 эсе көп экени аныкталды

Turmush -  Өзгөн районунда көмүр кенинин айынан суусуз калган жашоочуларга таза суу булактан тартылып берилет. Бул тууралуу кечээ, 10-декабрь күнү Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева катышкан жолугушууда маалым болду.

Жолугушууга Ош, Жалал-Абад облустарынан жана кенди иштеткен компаниядан өкүлдөр келип, жергиликтүү тургундар менен биргеликте маселени талкуулашты. Жыйынтыгында кенден чыккан калдыктар туура эмес жайга төгүлгөнү белгилүү болду. Вице-спикердин айтымында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын тиешелүү кызматкерлери жоопко тартылышы керек.

«Элдин иче турган суусунун булак башына калдыктар ташталып жатканын Мамэкотехинспекция көзөмөлгө албаганы көрүнүп турат. Анын айынан бир айылдын жашоочулары ичкен суусу жок калып, алыскы аймактан ташып келүүгө мажбур болушууда. Андыктан тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилиги каралышы керек», - деди Касымалиева.

Кен иштеткен компаниянын жетекчилиги бир ай ичинде айылга ичүүчү сууну булактан тарттырып берүүнү убадалады. Булактан суу тартылганга чейин атайын унаа менен элге таза суу жеткирилет. Мындан сырткары жергиликтүүлөр компания тарабынан берилүүчү социалдык пакетти эки облуска бирдей кароону талап кылышты. Бул маселе компания менен келишим түзүп жатканда каралганын, эми мыйзам чегинде ишке ашыруу көзөмөлгө алынары айтылды.

Өзгөн районундагы Зергер дарыясынын жана Кум-Бел участкасынан суу үлгүсү алынып, лабораторияда изилденген. Анализдин жыйынтыгында эки үлгүдө тең оор металлдардан коргошун нормадан ашыкча экендиги аныкталган. Коргошун Зергер дарыясында — 6,4 эсе, Кум-Тел тилкесинде — 2,1 эсе ашыкча болгон. Тактап айтканда, өкмөттүн 2016-жылдын 11-апрелинде чыккан №201 токтому менен бекитилген нормага шайкеш келбейт.

Адистер белгилегендей, ошондой эле аммиак ашыкча чыгып жаткандыктан кайрадан лабораториялык анализдер жүргүзүлүп жатат.

Кум-Бел тилкесиндеги көмүр кенин «Цзинь Лун» компаниясы иштетип жаткан.

Картинки по запросу Зергер, турмуш

-------------------------------------------------------------------------------------

Өзгөн районундагы эки айыл өкмөттүн жашоочулары суусуз калганын аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришкен болчу.

Алардын айтымында, Зергер айыл өкмөтүндөгү жашоочулар Зергер дарыясынан алынган сууну ичип келишкен. Бирок Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы көмүр кенинен чыккан калдыктар дарыяга кошулуп, айылдыктарды таза суусуз калтырган. Жашоочулар учурда аталган сууну мал да ичпей жатканын кошумчалашкан.

Алтыбай айылынын башчысы Кудайкул Дөөлөтбаевдин айтымында, 1 жумадан бери суу булганып, булак издеп жатышат.

«Зергер айыл өкмөтүндө 7 айыл бар. Алар: Ничке-Сай, 1-Май, Кайрат, Алтыбай, Аюу-Сай, Токтогул, Зергер. Таза суу жоктугунан Зергер дарыясынан суу ичип келгенбиз. Учурда суу булганып, малдар да ичпей койду. Биз айыл өкмөт башчыбыз Динмухаммед Бокошев менен биргеликте жерине барып келдик. Көмүр казган компания көмүрдөн чыккан калдыктарды суунун жээгине төгүшкөн. Булактын суусу көмүр кенинен чыккан калдыктарды жарып чыгып, таштандыны кошо агызып, суу булганган. Биздин айылда 11 миң 30 адам суусуз калды. Азыркы учурда ар жерден булак издеп жатабыз», - деген К.Дөөлөтбаев.

Зергер дарыясы Жылалды айыл өкмөтүн да аралап өтөт. Учурда бул айыл өкмөттүн эли да сугат суусуз калганын айыл өкмөт башчысынын орун басары Замир Сыдыков билдирген.

«Биздин айыл өкмөттө таза суу бар. Ал эми суугат суу үчүн Зергер дарыясынын суусун пайдаланып келгенбиз. Учурда суу булгангандыктан малды сугара албай жатабыз. Айыл өкмөт боюнча 10 миң 800 жашоочу бар», - деди З.Сыдыков.

Кийинчерээк Өзгөн районундагы эки айыл өкмөттүн элин суусуз калтырган көмүр кенинин иши убактылуу токтотулганын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирген.

8-январь күнү ыйгарымдуу өкүл Узарбек Жылкыбаев жерине барып таанышып келген. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кум-Бел айылындагы көмүр кенинин иштеп баштаганына 2 ай болгон. Кен казгандан кийинки калдыктар туура эмес жайга ташталгандыктан ылайланган суу Зергер дарыясына куюлуп, эл суусуз калган.

«Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, көмүр кенинин ишмердүүлүгү убактылуу токтоду. Бул иш Мамэкотехинспекцияга өткөрүлүп берилди», - деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×