Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 13.01.2019 15:08 На русском

Ошто 3 унаа сүзүштү (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында 3 автоунаанын катышуусунда жол кырсык болду. Анын кесепетинен 2 адам жаракат алган, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 12-январда саат 23:40 чамасында А.Масалиев көчөсүндө «Форд Фокус» үлгүсүндөгү унаа 15 метрлик тосмону сүзүп, каршы тилкеге чыгып кеткен. Ошол учурда каршы тилкеде жүрүп бара жаткан «Тойота» жана «Жигули» унаалары менен сүзүшүп, 3 унаа тең материалдык чыгымга учурады.

Бул окуяга байланыштуу тиешелүү экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×