Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Ош облусуКара-Кулжа району 26.01.2019 16:58 На русском

Айыл турмушу: Жарым кылымдан бери чогуу жашаган кара-кулжалык жубайлар салмагы 100 кг койлорду багат (сүрөт)

Turmush -  85 жаштагы Тагай Райымкулов 50 жылдан бери меринос тукумундагы койлорду багып келет. Ал убагында койлордун санын 5 миң башка чейин жеткиргенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Тагай Райымкуловдун айтымында, бир койдун салмагы 100 килограммга чейин жетет жана козу мезгилинде эле 4 килограммдан ашуун жүн алууга болот.

«Союз учурунда өкмөттүн койлорун бакчумун. Алгач 100дөй коюм бар болчу. Бир убакта койлордун санын 5000 башка чейин жеткиргем. Азыркы күндө 1 миңден ашык коюм бар. Өмүр бою кой бактым. Азыр койлорду атайын жалданган койчулар багат», - деди ал.

Ал койлорду аргындаштыруу үчүн кочкорлорду Россия Федерациясынын карамагындагы Башкортостан Республикасынан алып келет. Бир кочкорду 50 миң сомдон сатып алышат.

«Биздин базарда бул койлор 20-25 миң сомго чейин эле бааланат. Койлорду, козуларды, кочкорлорду бөлүп кармайбыз. 250 кочкор, 300дөн ашуун козу, 450 ургаачы коюм бар. Аталган асыл тукум койлор башкаларга салыштырмалуу жем, чөптү азыраак жешет. Бир жылда 15-20 тоннага чейин жем сатып алам. Чөптү жайында чаап, жыйнап алабыз. Бизде кар калың жаагандыктан жаз мезгили кечирээк келет. Койлорду талаага көп чыгарбайбыз.

Ал эми койдун жүндөрүн Кытайга алып кетишет. Негизи буларды жүн жана эт алуу үчүн багам. Чоң койлор 10 килограммдан, козулары 3 килограммдан жүн берет. Бир жылда 2,5 тоннага чейин жүн алабыз. Убагында 7 тоннага чейин жүн алгам. Жүндөрдү кытайлар өздөрү келип алып кетишет. Биринчи жана экинчи сорт деп экиге бөлүп алышат. Атайын зымдар менен 30 килограммдан таңгакталат. Бишкекте атайын жүн жууй турган жайлар бар. Ошол жерден жууп-тазалаган соң Кытайга жөнөтүшөт. Алардын айтымында, синтепонго жүн кошуп, кийиз сыяктуу кездеме даярдашат», - дейт ал.

Тагай Райымкулов байбичеси Бабужар Райымкулова менен баш кошконуна 50 жыл болгонун кошумчалады.

«Балагым, жаштыгым, карылыгым да Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт айылында өтүп жатат. Ушул айылда өмүр бою кой, жылкы, уй бактым. Жаш кезде жашоо кыйын болчу. Азыр жашоо башкача, бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Кемпирим экөөбүздүн баш кошконубузга 50 жыл болду. Учурдан пайдаланып байбичеме ыраазычылык билдиргим келет. Мага, балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө өмүрүн арнап келет. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот», - деди ал.

Ал 11 баланын атасы, учурда 70 небере жана 20 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×