Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуНоокат району 14.01.2019 12:02 На русском

Ноокаттагы жол кырсык: Ооруканага түшкөн эки жүргүнчү да көз жумду

Turmush -  Ош—Исфана унаа жолунун 73-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Өрнөк айылындагы жол кырсыктан жаракат алып, ооруканага түшкөн 2 адам каза болду. Бул маалыматты Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Жамалидин Рахматиллаев тастыктады.

Буга чейин окуя 6-январь күнү саат 08:16 чамасында болгону маалымдалган. «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты көздөй бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Тойота Эстима» унаасынын жүргүнчүлөрү — Кызыл-Кыя шаарынын 2001-жылы туулган тургуну И.у Т. жана 1990-жылы туулган Ш.М. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми Бишкек шаарынын Ала-Арча конушунун 1999-жылы туулган тургуну К.П. ооруканада каза болгон. Мындан сырткары 1995-жылы туулган У.У., 1992-жылы туулган У.Б. жана 1982-жылы туулган А.З. («Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу) денесинен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына түшкөн. Учурда абалдары жакшы.

Ошондой эле 1999-жылы туулган З.Г. менен 1975-жылы туулган Ш.А.нын баш сөөгү жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган жарандар кырсыктан алган жараатынан улам 10-11-январь күндөрү каза болгон. «Тойота Эстима» унаасында жалпы 8 адам болсо, анын ичинен 5 адам көз жумган.

Учурда бул факты боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×