Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Озгон 14.01.2019 15:39 На русском

Өзгөндүн борборундагы жашоочулар таштанды тазаланбаганына нааразы. Мамлекеттик ишкананын жообу (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн шаарынын борбордук кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан таштанды тазаланбай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, таштанды таштоочу контейнер толуп калганына карабай, таштандылар чыгарылбай келет.

Ал эми «Өзгөн-Тазалык» ишканасынын башчысы Хушнутбек Ибрагимов билдиргендей, шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эки кабаттуу 9 үйдүн жашоочулары таштанды чыгарууга акы төлөшпөйт.

«Шаардагы Манас көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары таштанды чыгарууга акы төлөбөйт. Таштанды үчүн ар бир адам айына 14 сом төлөшү керек. Бүгүнкү күндө биздин ишкананын 18 миң абоненти бар. Алардын ичинен 707 адам көп кабаттуу үйдүн жашоочулары. Таштанды тазалоо үчүн болгон акыны жашоочулардан ала албай келебиз. Шаар тургундары убагында карызын төлөбөйт. Шаардын ичинде бир гана Жаныбек казы кварталынын тургундары өз убагында акча төлөгөндүктөн ал аймак таза турат. Өткөн жылы да шаардын борбордук бөлүгүн мэриядан 200 миң сом бөлдүрүп тазалаганбыз», - деди Х.Ибрагимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×