Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусу, Ош 15.01.2019 08:08 На русском

Туулган күндө ок атуу: Ошто көчөдө тапанча менен асманга ок аткан жигиттер кармалды (видео)

Turmush -  Ош шаарында тапанчадан асманга ок чыгарган балдар аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 14-январда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-январда интернет булактарында жаш жигиттердин тобу белгисиз үлгүдөгү тапанчадан асманга ок чыгарып жаткан кыска видео жарыяланган. Автор тарабынан окуя кайсы жерде болгондугу тууралуу маалымат берилген эмес. Иликтөөнүн жүрүшүндө окуя Ош шаарынын «Изюм» ресторанынан алыс эмес жердеги Ленин көчөсүндө болгондугу такталды. Алынган маалымат башкармалыктын маалымат-электрондук журналына катталып, КРнын Жоруктар кодексинин 121-беренесинде (Калктуу пункттарда ок чыгаруу) көрсөтүлгөн жоруктун курамы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, бул топтогу балдардын бардыгынын ысымдары аныкталды. Окуяны тактоо үчүн айрымдары Ош ШИИБге алынып келген. Алар 10-январь күнү Ош шаарынын 1998-жылы туулган Г.Н. аттуу тургунунун туулган күнүн «Изюм» ресторанында белгилеп чыгышкан. Андан кийин жол боюнда туулган күндүн ээсинин досу С.У. азырынча белгисиз үлгүдөгү куралдан асманга бир нече жолу ок чыгарган. Сурамжылоо иштеринин жүрүшүндө ок атуудан жабыр тарткандар болбогондугу такталды.

Бүгүнкү күндө бул факты боюнча Ош ШИИБ ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Видео социалдык тармактарда жарыяланган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×