Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусу, Ош 15.01.2019 08:57

Видео — Тойдогу кортежде унааны арты менен айдаган жигит кармалып, кечирим сурады

Turmush -  Ош шаарында үлпөт тойдогу кортежде бара жатып, унааны арты менен айдаган жигит кармалды. Ал коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу кечээ, 14-январда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 13-январда социалдык тармактардын бирине Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүндө чыгыштан батышты көздөй «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта арты менен бара жаткандыгы тартылган видео жарыяланган. «Тойота Камри» Ош шаарынын 2000-жылы туулган тургуну М.Мураталиевге таандык болгон. Унааны кармаган учурда анын арткы номуру жок болгон. Айдоочуга КРнын Административдик кодексинин 121-беренесинин (Транспорт каражаттарын каттоо, номурдук белгини жайгаштыруу тартибин бузуу) талабына ылайык 1000 сом жана 125-беренесинин (автобейбаштык) талабына ылайык 1000 сом айып салынды. Айдоочу кылган жоругу үчүн коомчулуктан кечирим сурады.

Окуя тууралуу:

Буга чейин «Репортер» басылмасы Ош шаарындагы көчөдө жол эрежесин бузуп, арты менен жүрүп бара жаткан унаанын видеосун жарыялаган. Күбөлөр бул айдоочуну жоопкерчиликке тартууну суранышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×