Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 15.01.2019 10:04 Жаңыланды: 15.01.2019 10:23

Жакынынан ажал тапкан наристелер: 2 жаштагы Алимди таежеси сабап, 4 айлык Айбийкени атасы башка чаап өлтүрдү

Turmush -  Учурда Кыргызстандын аймактарында социалдык кызматкерлер, милиция кызматкерлери жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен балдардын абалы, жашоо шарты менен таанышып жатышат. Ошондой эле ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын туугандарынын, ата-энесинин колунда калган балдары көзөмөлгө алына турган болду.

Мындай көзөмөл жүргүзүү, алдын алуу иштеринин зарылдыгын акыркы күндөрдө наристелердин өлүмүнө себепкер болгон окуялар көрсөтүүдө. Turmush басылмасы наристелердин өлүмүнө байланыштуу жеринде ыкчам, так чагылдырган окуяларды аягына чейин баяндап турмакчы.

Бул жолу жакындары өлүмүнө себепкер болуп, эрте көз жумган наристелердин аянычтуу тагдырларын баяндайбыз. Бул тагдырлар бардык ата-энелер үчүн сабак болор...

---------------------------------------------------------------------------------------------------------

Мигранттын 2 жаштагы уулунун өлүмү. Шектүү — жеңеси

Ош облустук балдар ооруканасына 2 жаштагы наристе оор абалда 10-январь күнү саат 15:00 чамасында жеткирилген. Дарыгерлер баланы карап, ал ооруканага жеткенге чейин эле каза болгонун айтып, ШИИБге билдиришкен. Андан көп узабай баланын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалган болчу.

Ош ШИИБдин маалыматы боюнча, 2016-жылдын 2-сентябрында төрөлгөн наристенин агасы (баланын атасынын агасы) анын тарамышы түйүлүп жатканын айтып алып барган. Шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө тобу жөнөтүлүп, окуя болгон жерде кароо жүргүзүлдү. Жабырлануучунун өлүмүнүн жана жаракатынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Топтолгон материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Соттук-медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын бети-башында, колдорунда жана сандарында көгөргөн жаракаттары, сол колунун билегинде ачык жаракаты бар экендиги аныкталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кечээ күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы — 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өз көрсөтмөсүндө наристени шымына сийгендиги үчүн чымчып, сабап жүргөнүн билдирди. Анын айткандарын күйөөсү да тастыктап, аялы наристени тарбиялоо үчүн кээде кол көтөргөнүн айткан», - деп айтылат Ош ШИИБдин маалыматында.

Подозреваемая

Учурда бул факты боюнча окуяны толук жана объективдүү текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Этиятсыздыктан ден соолукка өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маркум наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, балдар атасынын колунда калган. Атасы Россияга иштегени кетип, балдарын 2018-жылдын 30-декабрында агасына таштап кеткен. Каза болгон наристе эки бир тууган болгон. Ал эми шектүү аялдын 5 баласы бар. Шектүү 2 айга камакка алынып, балдары убактылуу балдар үйүнө жайгаштырылды.

---------------------------------------------------------------------------------------------------------

2 жаштагы Алимдин өлүмү

Буга чейин Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 2 жаштагы бала өлтүрө сабалгандыгы маалымдалган.

Райондун прокурору Мирлан Аширбаев билдиргендей, 2018-жылы 23-декабрда райондук ооруканага денесинен ар кандай оор жаракат алган Б.Алим (2017-жылдын 4-июнунда туулган) келип түшкөн. Бир аз убакыттан кийин ал каза болуп калган. Баланы апасы туугандарына таштап, өзү Москвага иштөө үчүн кеткен.

Баланын өлүмүнө шектүү делип 1978-жылы туулган Б.Алина кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Жети-Өгүз райондук ооруканасынын дарыгерлери билдиргендей, наристе 23-декабрда саат 12:00 чамасында ооруканага оор абалда түшкөн. Алар баланы рентген аппаратка салып, башы катуу жабыркаганын аныкташкан. Мындан тышкары, денесиндө көк ала тактар болгон.

Оор абалдагы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Алган жаракаты оор болгондуктан ал өзүнө келбей, түнкү саат 01:00 чамасында чарчап калган. Кабыл алган дарыгерлер бала оор абалда түшкөндүктөн жана денесинде көк ала тактар болгондуктан милиция жана прокуратура кызматкерлерин чакырышкан.

Кийинчерээк Жети-Өгүз районунда катуу сабалгандан кийин ооруканада каза болгон 2 жаштагы баланын өлүмү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы С.Усубакунов маалымат берген.

Маалыматка караганда, 23-декабрда Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынын 1978-жылы туулган тургуну тез жардым кызматын чакырган. Ага сиңдиси 2 жаштагы Б.Алим аттуу (2017-жылдын 4-июнунда туулган) баласын ушул жылдын 12-декабрында убактылуу карап туруу үчүн таштап кеткен. Сиңдиси 1997-жылы туулган, жолдошу менен 2016-жылы ажырашып, алардын Б.Алим аттуу баласы энеси менен калган. Энеси 12-декабрда иштөө үчүн Москавага кетип, уулун бир тууган эжесине убактылуу таштаган.

Баланын таежесинин көрсөтмөсүндө наристе шымына сийип салгандыктан аны чымчып, чыбык менен эки ирет чапканын айткан. Андан соң баланы уктатып, жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөн соң баланы ойготоюн дегенде анын кыйналып жатканын көрүп, тез жардам кызматын чакырган. Бала оор абалда райондук ооруканага түшүп, өзүнө келбей каза болгон.

---------------------------------------------------------------------------------------------------------

4 айлык Айбийкенин өлүмү

Тоң районунда ата-энесинин урушу учурунда катуу жаракат алып көз жумган 4 айлык Айбийкенин өлүмү боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Шектүү катары наристенин атасы камакка алынса, апасын төркүндөрү алып кеткени белгилүү болду.

Жубайлар Туура-Суу айылындагы кашарда чабан болуп эмгектенип жатышкан. Алар 2 балалуу болушуп, улуусу туугандарынын колунда болчу. Turmush басылмасынын кабарчысы алар жашаган кашардын ээси Берди Алымкулов менен жолугушту.

«Мен бул үй-бүлөнү октябрда (2018-жылы) чабан кылып кашарга алып баргам. Аларды жарнама аркылуу тапкам. Эки баласы бар экен, улуу кызы 2 жашта болсо, кийинкиси кичине болчу. Буга чейин үй-бүлөнүн чыр-чатагын байкаган эмесмин.

Мен 26-декабрь күнү кашарга барып, жакшы экенин көрүп кеткем. Эртеси, 27-декабрь күнү эртең менен биздин кашардан 1,5 чакырым алыста жашаган Максат (ысымы өзгөртүлдү) деген кишинин үйүнө аялы экөө тең конокко барышыптыр. Ал күнү мал короодон такыр чыкпаптыр. Ал үйдө түнгө чейин отуруп, бирөөсүнүн туулган күнүн белгилеп, арак ичишкен. Аялынын айтымында, аны да кыйнап ичириптир.

Түнкү саат 23:00 - 24:00 чамасында жубайлардын ортосунда уруш чыгып, жыгач менен аялын чабам деген күйөөсү 4 айлык кызын чаап алган. Ага ачууланган аялы бычак менен күйөөсүн колго сайган. Ызы-чуу болуп жатып, түнкү саат 04:00 чамасында ооруканага барышып, мага ооруканадан 4:20да телефон чалышты.

Бул окуя менин кашарымда эмес, Максаттын үйүндө болгон. Наристе оор жаракат алып, бир күндөн кийин чарчап калды. Баланын эжеси менен жездеси наристени Барсконго алып барып, жерге беришти. Ал эми келиндин төркүндөрү келип, кызынын оокатын жыйнап, алып кетишти», - деди Б.Алымкулов.

Тоң РИИБге бул окуя тууралуу 28-декабрда маалымдалган. Расмий билдирүүдө айтылган маалымат боюнча, ыкчам топ Туура-Суу айылындагы Көңдөй участкасында болуп, окуянын чоо-жайын аныкташкан.

Саат түнкү 03:00 чамасында аталган аймакта убактылуу жашап жаткан 27 жаштагы Ринат (ысымы өзгөртүлдү) жубайы — 26 жаштагы Канышай (ысымы өзгөртүлдү) менен уруша кетип, аны сабап баштаган. Ошол учурда Ринат мас абалда болчу. Аялын таяк менен чабам деп, колунда көтөрүп турган 4 айлык кызынын башына чапкан. Ага жинденген аялы үйдөн бычак алып чыгып, күйөөсүнүн колуна жана моюн тарабына шилтеген.

Окуядан кийин тез жардам кызматы чакырылып, үчөө тең (аялы, күйөөсү, 4 айлык кыз) ооруканага жеткирилип, эртеси наристе эс-учуна келбей көз жумган. Ал эми күйөөсү кызынын өлүмүнө шектүү катары камакка алынса, аялды туугандары алып кетишти.

Бул факты Тоң РИИБге КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги (мурунку редакция) 104-берененин 4-бөлүмү (адамдын ден соолугуна өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү) менен катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×