Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусуКара-Кулжа району 24.01.2019 23:25 На русском

Өзгөчө ысым: Ибрахимхалилуллох чыныгы атын паспорт алганда билип, таң калган (сүрөт)

Turmush -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — 18 жаштагы Ибрахимхалилуллох Жаныбек уулу. Анын эжеси Арафат Жаныбек кызы инисинин ысымы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Ибрахимхалилуллох Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылынын тургуну. Ал учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жатат. Анын ысымы 17 тамгадан турат.

«Иниме ысымды молдо жездем ыйгарган. Ал Ибрахим пайгамбардын урматына иниме ушундай ысым ыйгарыптыр. Ибрахимхалилуллох үй-бүлөдө жалгыз уул болгонуна карабай эрке эмес. Ал абдан боорукер, өжөр жигит. Көздөгөн максатына жетүү үчүн жаны тынбайт», - деди Арафат Жаныбек кызы.

Ал эми Ибрахимхалилуллох толук ысымын 16 жашында паспорт алганда билгенин жашырган жок.

«16 жашка чейин атымды Ибрахим деп эле жүрчүмүн. Атымдын мындай узун экенин 16 жашка чыгып, паспорт алганда билип таң калгам. Ага чейин маани деле берген эмесмин. Алгач атымдан уялып жүрсөм, азыр сыймыктанам. Документ иштери менен кайрылсам туура эмес жазып алышат. Айрым учурда өзүмө текшертишет. Мага туулгандыгы тууралуу күбөлүк аларда жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө иштеген адистер ысымымды туура жаза албай, атам өзү жазган экен. Досторум да атым узун экенин айтып, тамашалап калышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×