Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусу, Ош 15.01.2019 14:55 Жаңыланды: 15.01.2019 22:21 На русском

20 жашка чейин сойку кызматын көрсөткөн Сырга көмүскө жай уюштурган

Turmush -  Ош шаардык соту сексуалдык кызмат көрсөтүүчү көмүскө жай уюштурган деп айыпталып жаткан (КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 261-берененин 1-бөлүмү ) 1996-жылы туулган Сыргага карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Сырга үй-бүлө кура элек, мурда соттолгон эмес. Ал Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан саунада администратор болуп эмгектенип жаткан.

Сыргага тагылган айып

2018-жылдын октябрь айынан бери сойкулар кызмат көрсөтүүчү жай уюштуруп, ал жерде администратор болуп иштеп келген. 2018-жылдын 29-октябрында саат 22:00 чамасында Жим көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү сауна текшерилип, анын жанынан сойкулардын кызматы үчүн берилген 800 сом далил буюм катары табылган.

Сырга кайрадан — 2018-жылдын 20-ноябрында алдын ала алынган ыкчам маалыматтын негизинде Жим көчөсүндө жайгашкан «Капитал» саунасынын администратору болуп иштеп жатканда текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында кайрадан көмүскө жай уюштурганы аныкталган болчу.

Сырганын көрсөтмөсү

Ал эми Сырга күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында, 2018-жылдын октябрь айынан бери Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү көп кабатуу үйдүн жер төлөсүндө саунада администратор болуп иштеп келген. Ал эми администратор болгонго чейин интимдик кызмат көрсөтүп келгенин айтты. Мындай ишке акчага муктаж болгондуктан аралашып калганын айтып, жеңил жаза суранды.

Сот өкүмү

Сырганын күнөөсүн мойнуна алганын, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн эске алуу менен сот өкүм чыгарды. Жыйынтыгында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмү жана 59-берененин негизинде жазалар жарым-жартылай кошулуп, жалпы 3 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал эми 63-берененин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп табылып, 2 жылга сыноо мөөнөтү белгиленди.

--------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин аталган көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, адам өмүрү кыйылган. Ошондой эле 12 кабаттуу үйдүн 11-кабатынын балконунан 1990-жылы туулган жигит кулап түшүп, көп узабай каза болгон.

2019-жылдын биринчи күнүндө Ош шаарындагы Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсү өрттөнүп, эки кыз түтүнгө ууланып каза болгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, жер төлө акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат көрсөтүп жаткан. Бул мейманкананын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде «Сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштуруу» беренеси менен 6 ирет кылмыш иши козголуп, көмүскө жай жолу 6 жолу жабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×