Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 15.01.2019 15:42 На русском

Ошто күзөтчү жигит досунун туулган күнүнө тапанча менен барган (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында асманга ок чыгарган жигиттин өздүгү аныкталган. Ал эми ал колдонгон тапанча Өзгөн шаарындагы жеке күзөт мекемесине катталганын Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Сөз МР-471 үлгүсүндөгү тапанча тууралуу болуп жатат. Окуя болгон күнү күзөт мекемесинин кызматкери — 1998-жылы төрөлгөн Рамис (ысымы өзгөртүлдү) куралды өткөрүп бербей, Ош шаарына досунун туулган күнүнө келген. Алар туулган күндү «Изюм» ресторанында белгилегенден кийин сыртка чыгышкан. Ал учурда Рамистин досу Умар (ысымы өзгөртүлдү) тапанчаны сурап, бир нече жолу асманга ок чыгарган.

Окуядан кийин тапанча алынып, протокол түзүлдү.

-----------------------------------------------------------------------------------------

Ош шаарында тапанчадан асманга ок чыгарган жигиттер аныкталганын кечээ, 14-январда Ош ШИИБден билдиришкен болчу.

Маалыматка караганда, 11-январда интернет булактарында жаш жигиттердин тобу белгисиз үлгүдөгү тапанчадан асманга ок чыгарып жаткан кыска видео жарыяланган. Автор тарабынан окуя кайсы жерде болгондугу тууралуу маалымат берилген эмес. Иликтөөнүн жүрүшүндө окуя Ош шаарынын «Изюм» ресторанынан алыс эмес жердеги Ленин көчөсүндө болгондугу такталган. Алынган маалымат башкармалыктын маалымат-электрондук журналына катталып, КРнын Жоруктар кодексинин 121-беренесинде (Калктуу пункттарда ок чыгаруу) көрсөтүлгөн жоруктун курамы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, бул топтогу балдардын бардыгынын ысымдары аныкталган. Окуяны тактоо үчүн айрымдары Ош ШИИБге алынып келген. Алар 10-январь күнү Ош шаарынын 1998-жылы туулган Г.Н. аттуу тургунунун туулган күнүн «Изюм» ресторанында белгилеп чыгышкан. Андан кийин туулган күнүн ээсинин досу С.У. тапанчадан асманга бир нече жолу ок чыгарган. Сурамжылоо иштеринин жүрүшүндө ок атуудан жабыр тарткандар болбогондугу такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×