Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 16.01.2019 13:31 На русском

Ошто 8-класстын окуучусу каза болду. Анын өлүмү боюнча версиялар

Turmush -  Ош шаарында 8-класстын окуучусу каза болду. ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, кечээ, 15-январда саат 19:25 чамасында өспүрүм бала жипке асынып алганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя Жапалак айыл аймагынын Гүлбаар-Төлөйкөн айылында болгон. Окуучу өзүнүн үйүнүн сарайында чөп байлаган жипге асынып көз жумган.

«Чакыруу боюнча барган оперативдүү иликтөө тобу 2005-жылы туулган бала Ош шаарындагы мектептердин биринде окуганын аныктады. Буга чейин ата-энесине көзүнө кандайдыр бир караандар көрүнүп жаткандыгын айткан. Туугандары 15-январь күнү 19:30 чамасында өзүнүн үйүнүн коросундагы сарайда чөп байлаган жипке асынганын айтышкан. Денени кароо учурунда моюнунда тактар калганы көрүнгөн. Ал эми денесинде жаракат жок. Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», - деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ош шаардык билим берүү бөлүмү да окуяны тастыктап, окуучу асынып эмес, жыгылып каза болгонун билдирди.

Маркумдун ата-энесинин маалыматы боюнча, №30 Абдираим Алиев орто мектебинин 8-классынын окуучусу Д.Ш. сарайдагы малды сугаруу үчүн 2 чака суу көтөрүп кирип бара жатканда кулап кетип, башы дубалдагы жыгачка тийип, жыгылып каза болгон. Алар денени соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тарткан.

Бүгүн, 16-январда каза болгон бала жерге берилди. Ал эми жергиликтүү тургундар өспүрүм өз өмүрүнө кол салганын айтышууда.

Аталган мектептин директору Махбурат Маматалиеванын айтымында, окуучу 6 мүнөттүн аралыгында каза болуп калган.

«Ал эң жакшы окуган окуучулардын бири болчу. Ата-энеси асынып алды деген версияны четке кагып жатышат. Апасынын айтымында Д.Ш. малды карап, суу алып келүү үчүн кеткен. 6 мүнөттүн ичинде анын иниси агасынын жыгылып калганын айтып барган. Апасы барганда баласы малга тоют берүүчү аштоого жөлөнгөн бойдон жатыптыр. Чакалары эки тарапка ыргып кеткен экен. Түнкүсүн баланын омуртка тушу карарып калганын айтышты. 14-15-январь күндөрү мектепке келип кеткен. Классташтарынын айтымында мектепте жакшы эле жүргөн. Анын атасы аскер кызматкери, ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу болчу. 1 карындашы жана 2 иниси бар», - деди М.Маматалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×