Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 17.01.2019 14:17

Ош облусунда бир жылда жол кырсыктан 119 адам каза болду

Turmush -  Бүгүн, 17-январь күнү Ош шаарында Координациялык кеңештин жыйыны өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйынга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов, облустун прокурору, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси жана куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Кеңештин жыйынында Ош облусундагы маанилүү маселелер айтылып, ОИИБдин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчылары статистикалык маалымат беришти. ОИИБдин жетекчиси Малик Нурдиновдун айтымында, облуста жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүп кеткен. Ал муну балага ата-энелер тараптан жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жаткандыгы, ошол эле учурда миграциянын таасири менен байланыштырды.

«Биз бул багытта бир катар иштерди жасап жатабыз. Атап айтсам, жыл башынан бери "100 мектеп" долбоорунун алкагында мен келечекте ким болом деген идеологиянын негизинде мекептерде Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Тилекке каршы, 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы мектеп окуучулары, жаш өспүрүмдөр (14 жаштан 18 жашка чейинки) кылмыштарга көп аралашты. Тактап айтканда, кылмыштуулук 40 учурга көп болгон.

Балдарды ата-энелер эмес, туугандары көзөмөлдөп жатат. Анын кесепетинен өспүрүмдөр өз жанын кыйган учурлар катталууда. Жаш өспүрүмдөрдүн кылмыштуулукка аралашып кетүүсүнө миграциянын да таасири бар. Анткени баланы тарбиялоодо ата-эненин таасири күчтүү», - деди Нурдинов.

Өткөн жылы облустун аймагында катталган унаа кырсыктардын кесепетинен 119 адам каза болсо, аларды он төртү өспүрүмдөр болгон.

«Ош облусунун аймагында 1 млн 287 миң 500 адам жашайт. Облустагы унаа жолдордун жалпы узундугу 14 миң 473 чакырымды, транспорт каражаттарынын саны 172 миң 143 бирдикти түзөт. 2018-жылдын 12 айында жалпы 633 унаа кырсыгы катталып, анын кесепетинен 119 адам каза болуп, 1085 жаран ар кандай жаракаттарды алган. 166 жол кырсыкка жаш балдар катышып, анын кесепетинен 14 бала каза болгон. Ошондой эле 181 жаш бала жабыркаган», - деди Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айжигит Зикиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×