Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуАлай району 17.01.2019 16:49 На русском

Сүрөт: Алайда жүк ташыган унааны сүзгөн «Хонда» талкаланып, 25 жаштагы жигит каза болду

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылында, тактап айтканда Ош—Гүлчө унаа жолунун 74-чакырымындагы жол кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жүргүнчү каза болду. Окуя кечээ, 16-январь күнү саат 16:00 чамасында болгонун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалыматка караганда, Алай районунун 1966-жылы туулган тургуну Ж.Д. «Хонда Элизион» үлгүсүндөгү унаанын рулун башкара албай, жолдун четинде токтоп турган «Фотон» оор жүк ташуучу унаасын сүзгөн. Жүк ташыган унаа Алай районунун 1984-жылы туулган тургуну С.у Т.га таандык.

Кырсыктын кесепетинен «Хонданын» айдоочусу денесинен жаракат алып, Алай аймактык ооруканасына оор абалда жеткирилген. Ал эми аталган унаанын жүргүнчүсү — Ош шаарынын 1993-жылы туулган тургуну М.у М. ооруканага жетпей көз жумган.

Бул жол кырсык боюнча Алай РИИБ тарабынан тиешелүү материалдар топтолуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×