Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусу, Ош 18.01.2019 10:00

Ош шаарында бир жылда өрт кырсыгынан 4 адам каза болду, - ӨКМ

Turmush -  Кечээ, 17-январь күнү ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы жарандык коргонуунун 2018-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды, деп билдирди басма сөз кызматы.

Жыйынга аталган башкармалыктын башчысы Нурлан Баймуратов, Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Ош шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышышты. Анын жүрүшүндө Нурлан Баймуратов өткөн жылы өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү эрежелерин эл арасында кеңири жайылтууга көмөк көрсөткөн жогорку окуу жайлардын жана мектептердин жетекчилерине ыраазычылык билдирип, Ош шаардык башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйлады. Ошондой эле кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда өз милдеттерин так аткарган жарандык коргонуунун кызматтарына башкармалыктын атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө башкармалыктын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы, майор Н.Исмаилов 2018-жылда аткарылган иштерге токтолду.

«Атайын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иш-чараларынын мерчемине Ош шаарынын аймагындагы сел каптоо коркунучу бар 9 объект киргизилип, кырдаалга ылайык кошумча 2 объект киргизилген. Жалпысынан 11 объектте жумуш толугу менен аяктаган. Аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгында 292 турак жай, 1 көп кабаттуу үй, 202 гектар 30 сотых айдоо аянттары, 3 гектар бак-дарактар, 3,22 чакырым ички чарбалык жол, 3 көпүрө, 1 ФАП, 1 дүкөн, 1 мечит, 1 мүрзө, 1 автоунаа оңдоочу жай кырсыктардан корголду. Ал эми өзгөчө кырдаалдардын классификациясына ылайык, Ош шаарынын аймагында 2018-жылда 1 өзгөчө кырдаал катталган (кутурма оорусу)», - деди ал.

Өткөн жыл ичинде Ош шаарында 253 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 48 млн 707 миң 771 сомду түзгөн. Өрт кырсыгынан 4 адам каза болуп, 9 адам ар кандай күйүк жараатын алган. Өрттөн 3 адамдын өмүрү куткарылып, 9 млн 150 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Ошондой эле жыл ичинде куткаруу кызматы тарабынан Ош шаарынын калкына экстремалдык учурларда 235 (2017-жылы — 138) жолу чыгуу болуп, төмөнкүдөй кечиктирилгис жардамдар көрсөтүлдү:

- сууга чөккөндөргө – 8 ;

- өрт кырсыгына – 2 ;

- жол кырсыгына – 6 ;

- штаттык эмес чыгууларга – 219 ;

- турак жайлардан сөөктү алып чыгууга – 3.

Жыйында кооптуу үйлөрдө жашаган адамдарды көчүрүүдөгү көйгөйлөр талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×