Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуКара-Кулжа району 18.01.2019 15:30

Сүрөт: Алайкууда кар калың жаап, 11 унаа жолдо калды

Turmush -  Бүгүн, 18-январь күнү эртең менен Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү айылдардан топтолуп, район борборуна жөнөгөн «УАЗ» үлгүсүндөгү 11 унаа жолдон өтө албай турат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жол жабык болгондуктан унаалар Талды-Суу айылынан өтө албай калышкан. Ал эми жолду тазалаган техниканын айдоочусу райондун борборуна кетип калган. Учурда 11 унаадагы 60ка жакын жашоочу райондун борборуна жете албай жатат.

Ал эми Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов жолду ачууга тапшырма бере турганын айтып, жол тез арада ачыларын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×