Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусуАраван району 18.01.2019 16:46

Араванда эки унаа кагышып, 45 жаштагы айдоочу каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ош—Араван унаа жолунун 19-чакырымында, тактап айтканда Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү жол кырсыктан 45 жаштагы адам каза болду. Кырсык 16-январь күнү саат 14:40 чамасында болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коосуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, Араван районунун 1974-жылы туулган тургуну А.К.нын башкаруусундагы «ВАЗ 2107» менен «Хонда ЦРВ» унаасы кагышкан. «Хонданы» ушул эле райондун 1984-жылы туулган тургуну Т.К. башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Т.К. денесинен жаракат алып, Араван аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болду.

Бул кырсык боюнча Араван РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×