Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 18.01.2019 17:51

Өткөн жылы Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун 12 мүчөсү жазага тартылды

Turmush -  Өткөн жылы Ош облусунун аймагында диний экстремизм жана терроризм боюнча 206 кылмыш иши аныкталып, алардын ичинен 118 учур боюнча кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов кечээ, 17-январь күнү өткөн координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы ачылган кылмыштардын саны 2017-жылга салыштырмалуу 21,4 пайызга көбөйгөн.

«Облустун аймагында 2018-жылы кылмыш каттоо китебине 9 миң 67 материал катталып, алардын ичинен 1 миң 678 материал боюнча кылмыш иши козголду. Отчеттук мезгилде 2 миң 430 кылмыш иши өндүрүштө болуп, алардын ичинен 2 миң 204 кылмыштын бети ачылган. Бети ачылган кылмыштардын саны 2017-жылга салыштырмалуу 21,4 пайызга жакшырган. Былтыр ачылбаган кылмыштардын саны 2017-жылга салыштырмалуу 85 учурга азайган. Криминалдык милиция кызматынын кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү 96,2 пайызды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 4 пайызга жакшырган. Анын ичинен адам өлүмүнө алып келүү, тоноо, опузалоо, унаа каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу кылмыштарынын бетин ачуу 100 пайызды түздү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар, алдамчылык, уурулуктун бетин ачуу көрсөткүчү да жакшырган. Ал эми каракчылык, зордуктоо, мал уурдоо кылмыштарынын бетин ачуу көрсөткүчү төмөндөгөн. Азыркы күндө каракчылык боюнча эки кылмыштын бети ачыла элек. Шектүү кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Ош облусунун аймагында мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде 39 кылмыш иши козголуп, 2 автомат, 2 тапанча, 32 сайлуу мылтык, 37 сайсыз мылтык, 3 кесилген мылтык, 3 граната жана ок-дарылар алынган. Облус боюнча баңгизатка байланышкан 92 кылмыш аныкталып, жалпысынан 185 кг 538 грамм баңгизат алынган. Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча каттоодо турган 31 адамдын ичинен 12 адам кылмыш жообуна тартылып, толук кандуу биздин ыкчам көзөмөлдө. Диний экстремизм, терроризм жана мыйзамсыз миграция багытында аныкталган кылмыштар жана козголгон кылмыш иштер боюнча көрсөткүчтөр облус боюнча жакшырган. Өткөн жылы 206 кылмыш аныкталып, 118 факты боюнча кылмыш иши козголду.

Аныкталган кылмыштардын ичинен айрымдарын белгилөөгө болот. Өзгөн районунан жардыруучу заттар, курал-жарактар алынып, Ноокат районунда терроризмди каржылоо аракети аныкталып, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө», - деди Нурдинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×