Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусу, Озгон 21.01.2019 11:00

Өзгөндө 300гө жакын мушкер күч сынашты (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн шаарында эрежесиз эр уруш боюнча ачык эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 18-19-20-январь күндөрү өткөн мелдеште Евразия чемпионатына талапкерлер тандалды. Кулатуу федерациясы тарабынан уюштурулган турнирдин башкы максаты — спортту жайылтуу. Ага өлкөнүн түштүк аймагынан чогулган жана Өзбекстандан келген мушкерлер, жалпы 300гө жакын спортчу катышты. 25 кг салмактан 95 кг салмакка чейинки спортчулар күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, диплом, медалдар тапшырылды.

Муну менен катар эле жаш спортчулар футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын бүгүн, 21-январдагы беттешине ийгилик каалашты.

Азия Кубогу: 1/4 финалга чыккан жана талапкер командалар


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×