Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 21.01.2019 12:46

Ошто башкаруусун жоготкон унаа даракты сүзүп токтоду (видео)

Turmush -  Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа даракты сүздү. Окуя бүгүн, 21-январга караган түнү болгонун Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Айдоочу рулду башкара албай, жол четине чыгып кеткен. Кырсыктан адамдар жаракат алган жок. Бирок унаа талкаланып, айдоочу материалдык чыгымга учурады. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×