Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусуКара-Суу району 21.01.2019 13:04

Кара-Сууда «Тойота» жөө адамды сүзүп кетти

Turmush -  Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Мөнөк айылындагы кырсыктан кийин жөө жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Окуя 20-январга караган түнү болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Ш.М.нын башкаруусундагы «Тойота Виш» үлгүсүндөгү унаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып жөө жүргүнчү — Мөнөк айылынын 2002-жылы туулган тургуну А.О.ны сүзүп кеткен. Жабырлануучу Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Учурда аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×