Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 21.01.2019 14:17

Ошто сүрөтчү Иззет Акимовдун 100 жылдыгына карата көргөзмө уюштурушту (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын Т.Садыков атындагы Ош облустук көрөм сүрөт музейинде сүрөтчү Иззет Акимовдун 100 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Көргөзмөнү аталган музейдин эмгек жамааты уюштуруп, ага маркум сүрөтчүнүн кесиптештери, жакындары жана студенттер катышты. Иззет Акимов сүрөт тартуу менен гана чектелбей, коомдук иш-чараларга жигердүү катышкан.

Ал көбүнчө жаратылышты кагаз бетине түшүрчү деп эскерген кесиптеши Жеңишбек Шадыбеков: «Анын эмгектери азыр көз алдыбызда турат. Анткени Иззет Акимов адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү жана ишине тактыгы, тарткан эмгектери менен адамды өзүнө тарта билчү. Ал сүрөтчүлөрдүн фондунун директору болуп иштеп жүрүп, Кыргызстандын көрүнүктүү сүрөтчүлөрү менен бирге иштешкен. Бул кишинин жолун жолдоп уулу да сүрөтчү болуп, ушул сүрөт музейинде иштеп кетти. Артында күчтүү сүрөтчү окуучулары калды», - деди.

Сүрөт көргөзмөгө Ош шаарынын туругуну Бахром Сайфидинов да күбө болду. Анын айтымында, Иззет Акимовдун сүрөттөрүнөн адамдардын эмоциясын байкоого болот.

«Сүрөтчүгө мамлекет тарабынан колдоо болбой, ага эч кандай наам берилбегени таң калтырды. Анткени анын эмгектерин көрүп, мыкты сүрөтчү экенин байкадым», - деди Сайфидинов.

Т.Садыков көркөм сүрөт музейи Кыргызстандагы эң жаш музейлердин бири. Көргөзмө январь айынын аягына чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×