Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусуКара-Кулжа району 21.01.2019 16:45

Кара-Кулжада 6 млн сомго спорт зал курулду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагына караштуу Биринчи май айылында Ажибек Жусупов атындагы орто мектепке спорт зал курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

19-январь күнү өткөн ачылыш аземге Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов, тиешелүү мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Спорт зал жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, ага жалпы 6 млн сом жумшалган. Буга чейин мектепте спорт зал болгон эмес. Бул күнү 12 команданын катышуусунда волейбол боюнча мелдеш өтүп, 1-2-3-орундарды алган командаларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×