Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусуКара-Кулжа району 21.01.2019 18:11

«Кара-Кулжада жөлөк пул убагында берилбей жатат»: Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жообу

Turmush -  Кара-Кулжа районунда жөлөк пулдар убагында берилбей жатканын жергиликтүү тургун Орозбү Ашимбаева аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, жөлөк пул ай сайын кечиктирилип жатат.

«Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана жаш балдарга берилүүчү жөлөк пул ай сайын кечиктирилет. Эмне себептен кечиктирилип жатканын билбейбиз. Майып балдарын караган ата-энелер жөлөк пул менен жан багат. Жөлөк пул убагында берилбесе кыйналып калышат», - деди О.Ашимбаев.

Ал эми Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Абдыманап Батаев: «Жаңы система ишке киргенине байланыштуу январь айындагы жөлөк пул кечиктирилип берилди. Калган айларда убагында берилет. Бул айда 10 күнгө кечикти, бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөк пул бериле элек», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×