Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуӨзгөн району 22.01.2019 10:15

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Кечээ, 21-январда саат 15:15 чамасында Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында 3 баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×