Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусуКара-Суу району 22.01.2019 10:24

1 жума мурда Кара-Суу районундагы жолго түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери бүгүн да улантылат

Turmush -  14-январда Кара-Суу районундагы Бек-Жар–Кичи-Тээке ички чарбалык унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери бүгүн да улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-январда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. 15-январь күнү унаа жолдун 4 чакырым аралыгы тазаланып, жол бир тараптуу ачылган. Унаа жолду тазалоого ӨКМдин түштүк борборунан 1 бульдозер тартылган. 21-январь күнү тартылган техниканын жардамында унаа жолдун 5 чакырым аралыгы тазаланган. Жалпы 11 чакырым аралык тазаланган. Тазалоо иштери бүгүн дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×