Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуАлай району 22.01.2019 12:09

Катуу бороондон кийин 15 күнгө жабылган Сары-Таш—Кызыл-Арт—Мургаб жолу ачылды (сүрөт, видео)

Turmush -  Катуу бороондон улам жабылган Сары-Таш—Кызыл-Арт—Мургаб унаа жолу 15 күндөн кийин ачылды. Бул тууралуу айдоочулар аймактык кабарчыга билдиришти.

Бор-Дөбө—Кызыл-Арт жолу бороондон улам жабылып калган. 15 күн бою жол тазаланганына карабай, катуу бороон жолду кайра эле жаап салып жаткан. Ал эми Алай райондук №960 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Медет Маткасымовдун айтымында, жол бүгүн, 22-январь күнү ачылды.

«Биздин ишкана Бор-Дөбөгө чейинки жолду тазалайт. Кечээ, 21-январь күнү Тажикстан тараптан Бор-Дөбөгө чейинки жолду тазалап келишти. Биз Сары-Таштан Бөр-Дөбөгө чейинки жолду 3 күндө ачтык. Буга чейин тазалоо болгонуна карабай бороон жолду жаап коюп жаткан. Учурда жол ачык», - деди ал.

Ал эми айдоочулардын айтымында, учурда Ош шаарынан 15 унаа Тажикстанды көздөй жөнөп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×