Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусу, Ош 23.01.2019 09:44

Ош шаарында үй өрттөнүп, 80 жаштагы аял каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында үй өрттөнүп, 80 жаштагы аял түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Моминов көчөсүндөгү үйдө болгон. Үйдүн 4 чарчы метр жыгач полу жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1938-жылы туулган Н.В. аттуу аял түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×